Чек арадагы айдоочуларга тамак-аш таратылууда

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:20

Кыргыз-казак чек ара постунда турган айдоочуларга тамак-аш таркатуу улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

29-октябры күнү саат 14:00гө алынган маалыматка караганда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек ара постунда 464 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 24 оор жүк ташуучу унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 3 оор жүк ташуучу жана 11 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 115 оор жүк ташуучу жана 20 жеңил унаалар турат.

Аталган өткөрмө пункттарына жалпы 17 чатыр тигилген. Чек арада тургандарга ӨКМ тарабынан тамак-аштар таркатылууда. 29-октябрда Ак тилек постунда тургандарга министрликтин кызматкерлери аркылуу 380 адамга тамак-аш таркатылды.

Ал эми бүгүн 30-октябрь күнү саат 07:40ка алынган маалымат боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек-ара постунда 371 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 17 оор жүк ташуучу жана 12 женил унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 12 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 90 оор жүк ташуучу унаалар турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!