23 тонна кум шекер жүктөлгөн фура өрттөндү

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:28

Бишкек-Ош жолунда 23 тонна кум шекер жүктөлгөн фура күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

29-октябрында саат 06:05 чамасында Токтогул районунун Ала-Бел ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 237-чакырымында фура үлгүсүндөгү мамлекеттик № 0944АDG жүк ташуучу унанын мамлекеттик № 198ОR прицебинен өрт чыгып, 23 тонна кум шекер, унаанын 6 даана дөңгөлөгү күйгөн.

"Өрттүн келип чыгышы автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу себеп болгон. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 2 бөлүм тартылган",-деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!