Онлайн-билим берүү жолго коюлат

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:17

Кыргызстанда орус тилдүү же англис тилдүү контентти түшүнүүдө кыйынчылыкка учурап жаткан керектөөчүлөр үчүн ар түрдүү предметтер боюнча кыргыз тилиндеги билим берүү дисциплиналары кѳрсѳтүлүш үчүн интернет-портал түзүлөт.

Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан” фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар жыл сайын бир гана кыргыз тилинде сүйлөгөн жарандарга багытталган билим берүү контентин түзүү зарылчылыгы жогорулап жатат. Бул долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) окутуучулары Руслан Рахимов жана Элира Турдубаева тарабынан демилгеленип, “Сорос- Кыргызстан” Фонду тарабынан колдоого алынган. Чет мамлекеттерде квалификациясын жогорулатууда, методологиялык семинарларга жана конференцияларга, ошондой эле ар түрдүү долбоорлорго катышууда бай тажрыйбага ээ болгон Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуучулары прикладдык жана теориялык предметтер боюнча курстарды уюштурууда билимдери менен бөлүшөт. Көпчүлүк учурда контент окутулуп жаткан дисциплиналардан алынат. Курс АУЦАнын ТВ-студиясынын базасында видео лекция форматында жазылып алынат. Ар бир курстун модели курска тексттик материалдар менен коштолгон 7 сааттык видеолекциялардан турат.

Курстар ilimelim.kg видеопорталында жайгаштырылып, ошол эле учурда аны ютуб-видеоканалынанда көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул видеокурстар негизинен 17 жаштан жогорку курактагы жаштар, студенттер, ошондой эле бардык каалоочуларга багытталган.

Долбоор жеткиликтүү болууга басым жасап, керектөөчүлөр менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мисалы, видео лекциянын форматында “Изилдѳѳнүн методдору”, “Англис тили”, “Жаштар социологиясы”, “Манас таанууга киришүү”, “Саясат таануунун негиздери” ж.б. курстар окутулат. Прикладдык дагы, теориялык дагы багыттардагы социалдык-гуманитардык мүнөздөгү предметтер эске алынат. Азыркы учурда 20 курсту түзүү пландаштырылып жатат. Ага Бишкек шаарындагы ар түрдүү ЖОЖдордон 15 окутуучу катышат. Видеокурстарды жазуу иштери активдүү түрдө сентябрь айынын аягында башталган, 2018-жылдын январь айына чейин улантылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!