Академия жаңы президентти шайлайт

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:17

Кыргызстандын улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар кеңеши эртең, 31-октябрда саат 10:00дө жаңы жетекчисин шайлайт. Бул тууралуу академиядан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыр мекеменин президентинин милдетин аткарып жаткан Мурат Жуматаев жамаатты өзүнүн программасы менен тааныштырат. Андан соң академиянын мүчөлөрү анын талапкерлигин колдоого алышса УИАнын президенти болуп шайланат.

Эскерте кетсек, академиянын буга чейинки президенти Абдыганы Эркебаев быйыл мартта кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү боюнча арыз жазган. Ошондон бери президенттин милдетин Мурат Жуматаев аткарып келе жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!