Ишкерлер: "Өкмөт салыктан бошотсун!”

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:59

Өкмөт чек арадагы абалдан улам ишкерлерди салык, социалдык төлөмдөн бошотушу керек.

Бул тууралуу Соода тармагынын кесиптер бирлигинин төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер үчүн негизги киреше ала турган убакыт болгон октябрь, ноябрь, декабрь айындагы сезон үзгүлтүккө учурады.

“Шайлоо алдында соодагерлерди шайлоо өтсүн, чагымчылыкка алдырбайлы деп сабырдуулукка чакырдык. Шайлоо тынч өттү. Өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуулар болду. Бирок чек арадагы маселе чечилген жок. Базарда соода токтоду. Айрым гана чекене товар алуучулар бар. Казакстандан келчү ишкерлер да келбей калды. Ошондуктан өкмөт бизди салыктан, социалдык төлөмдөн бошотушун суранабыз”,-деди Дөөлөталиева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!