Пономарев: “Аткезчилик деген айып негизсиз”

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:16

Казак бийлигинин "Кыргызстан аркылуу чек арада аткезчилик товарлардын агымы көбөйдү" деген билдирүүсүн Кыргызстандагы базарлар бирлигинин төрагасы Сергей Пономарев жокко чыгарды.

Ал бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында чек арада кезекте турган унаалардагы жүктүн 90 пайызын жеңил өнөр жай жана айыл чарба продукциялары түзөрүн билдирди.

«Кыргызстандан бараткан унааларда аткезчилик товарлар көп деген билдирүү чындыкка дал келебйт. Мына Түркиядан транзит менен келе жаткан фуралар да текшерилип жатат. Казакстан чек арада текшерүүнү күчөтүп, эл аралык жүк ташуу коопсуздугу боюнча конвенцияны бузуп жатат»,-деди Пономарев.

Ал эми кичи ГЭСтер ассоциациясынын президенти Эльвира Боромбаеванын айтымында, чек арадан өткөн чакта дагы орунсуз текшерүүлөр күчөп жатат.

“Бүгүн эле Кордайдан чалышты. Ал жактагы базардын жанында бажы пункттары орнотулуп, машиналар арест болуп жатат дешти. Биз ишкерлерге басым болуп жатабы деген чочулап жатабыз. Эки өлкөнүн бийлиги тил табышып, бирге иштешин өтүнөбүз. Чек арадагы кырдаал экономикадан саясатка өтүп кетти”,-деди Боромбаева.

Эскерте кетсек, 25-октябрда Арменияда өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнүн күчөшү Кыргызстан аркылуу биримдиктин аймагына кирип жаткан аткезчиликке байланыштуу деген жүйөнү келтирген. Буга жооп катары кыргыз өкмөтү муну жөн гана шылтоо деп баалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!