Өкмөт жапа чеккен ишкерлерге колдоо көрсөтөт

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:06

Өкмөт кыргыз-казак чек арасынан өтө албай чыгашага учураган ишкерлерге колдоо көрсөтөт.

Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 1-декабрга чейин келтирилген чыгым эсептелип чыгышы керек.

Токтомдун долбооруна ылайык, салык жана насыяларды төлөөдө жеңилдик берүү сунушталып, каржы уюмдарынан алынган насыяларды кайра эсеп чыгуу каралган.

Экономика министри Артем Новиковдун берген маалыматына караганда, 359 айдоочудан сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын бир суткада тамак-ашы, күйүүчү май үчүн кеткен чыгымы аныкталган. Ошондой эле товарды өз убагында жеткирбегени үчүн салынган айып пул 23 миң долларды түзгөн. Жыйынтыгында жалпы чыгаша 180 миң доллар деп бааланууда.

Өкмөт чек арадагы абалдан улам ишкерлерди салык, социалдык төлөмдөн бошотушу керектигин Соода тармагынын профсоюзунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева айтып чыккан болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!