Тегирмен тоодон чыккан өрт толук өчүрүлдү

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:04

Баткен районунун Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабындагы өрт бүгүн, 30-октябрда саат 15:00дө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 29-октябрь күнү саат 17:50дө өрт чектөөгө алынган. Түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 18:30да убактылуу токтотулган эле.

Өрттүн болжолду аянты 20 гектарды түзгөн куураган чөп күйгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!