Дайынсыз жоголгон токойчу табылбай жатат

31-Окт. 2017, Шейшемби, 09:56

Нарын районунун Орток айыл аймагынын Үмөт тилкесинде токойчу Жолчубек Абдрасулов (Ташбашат айылынын тургуну) 2017-жылдын 3-октябрынан бери дайынсыз болуп, издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, токойчуну издөөгө бир катар куткаруучулар тартылган бирок, табылбай жатат.

"29-30-октябрь күндөрү ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу, №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу жана Орток айыл өкмөтүнүн токой чарба кызматынан 4 кызматкер Үмөт тилкесинде издөө иштерин улантышты. Бирок, жоголгон токойчу табылган жок",-деп айтылат маалыматта.

Издөө иштерине ӨКМнын 10 куткаруучусу, токой чарбасынан 4 кызматкери тартылган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!