Акыйкатчы кымбат баалуу унаадан баш тартты

31-Окт. 2017, Шейшемби, 10:57

Акыйкатчы Кубат Оторбаев 1,5 млн. сомдук унаа сатып алуудан баш тартты.

Акыйкатчынын маалымат катчысы Абсамат Талантбек уулу “ZAMAN.KGге” билдиргендей, тиешелүү кат Каржы министрлигине жолдонгон.

Унаа алууга сарптала турган каражат жардамга муктаж балдар интернатына берилет.

“Унаа сатып алуу үчүн тендер жарыяланган күндөн тартып, социалдык тармактарда талкуу болду. Ага удаа кыргыз-казак чек арасында чыңалган абалдан улам экономикалык оор жагдай түзүлдү. Мына ушуларды эске алып акыйкатчы Кубат Оторбаев унаа сатып алуудан башт тартуу чечимин кабыл алды”,-деди Абсамат Талантбек улуу.

Эскерте кетсек, буга чейин акыйкатчынын аппараты 1,5 млн. сомго жол тандабас унаасын сатып алууга тендер жарыялаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!