Көмүр казган адам шахтада каза болду

31-Окт. 2017, Шейшемби, 11:10

Нарындын Жумгал районунда 30-октябрында Миң-Куш айылынын Ак-Улак учаскасындагы шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 1956-жылы туулган Миң-Куш айылынын тургуну М.Б.ны шахта урап, басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Издеп-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнин Жумгал райондук №43 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 авариялык-куткаруу унаасы (АСМ), ӨКМнин №44 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

30-октябрь күнү куткаруучулар менен жергилүүктүү тургундар шахтанын ичине киришип, саат 19:50дө 15 метр тереңдикте шахта урап басып калган адамдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!