“Экспорт кербени” Кыргызстанды кыдырат

31-Окт. 2017, Шейшемби, 12:45

Кыргызстанда 8-ноябрдан 5-декабрга чейин "Экспорт кербени" өлкө аймагын кыдырат.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдиргендей, маалымат өнөктүгүнүн максаты – сырткы рынокко чыга турган экспортерлорго беш багыт боюнча маалымат берүү.

“Экспорт кербени учурунда экспортко чыгууну көздөгөн ишкерлерге таңгактоо, белги коюу, кошумча нарк салыгынын кайтарылышы, сапат менеджменти, айтор беш багыт боюнча окутуулар болот”,-деди Абакиров.

Өнөктүк эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, “Эскпорт кербени” өткөн жылы биринчи жолу 21-февралдан 14-мартка чейин болгон.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!