Балдардын шоктугунан улам чөп күйдү

31-Окт. 2017, Шейшемби, 15:19

Ысык-Көлдө балдардын от менен болгон шоктугунан улам чөптөр күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-октябрда саат 16:30 чамасында Тоң районунун Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде ачык аянтта 1500 түк чөп, 8 тонна эндей чөп күйгөн.

"Өрттүн келип чыгышы балдардын от менен ойношу себеп болгон. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 3 бөлүмү тартылган",-деп айтылат маалыматта.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!