Кыргыз милициясына 93 жыл толду

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:14

Бүгүн, 1-ноябрь-кыргыз милициясынын түптөлгөн күнү. Бул датага карата ички иштер министрлигинде салтанаттуу жыйын өтөт. Ага вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев катышат.

Өкмөттөн билдиришкендей, укук коргоо органында мыкты иштеген кызматкерлер сыйланат.

Майрамдык мазмундагы иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында белгиленет. Ушул тапта Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыктары калаанын борбордук аянтында майрамдап жатат.

Маалымат иретинде айтсак, 1924-жылы 1-ноябрда кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде кыргыз милициясы түптөлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!