​47 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:10

Мамлекеттик камсыздоо уюму 1 жарым жыл ичинде жарандарга 15,1 млн. миң сом төлөп берди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылды 1-октябрына карата камсыздандыруунун баардык түрлөрү боюнча келишимдердин жалпы саны 47,5 миңге жетти. Анын ичинен негизги бөлүгү же 46,2 миңи турак-жайды камсыздандыруу келишими болгон. Ал эми 1,3 миң келишим камсыздандыруунун башка түрлөрү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөндөн бери жарандарга 15 млн. 160,2 миң сом төлөп берген. Башкача айтканда орто эсеп менен айына 4 жаранга камсыздандыруу каражаты төлөнүп берилген.

Эскерте кетсек, айыл жеринде турак-жайды камсыздандыруу төлөмү 600 сом, ал эми шаарда 1200 сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!