Памирлик этникалык кыргыздар билим ала баштады

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 09:54

Улуу жана кичи Памирден келген этникалык кыргыздарга Нарын облусундагы №86 кесиптик лицейинин имаратында окутуу жүргүзүлө баштады.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Этникалык кыргыздарга беш предмет боюнча Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери сабак берет.

Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп 2 тайпага бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, жуманын беш күнү 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышат.

Аталган мектептин мугалими Жазгүл Кадыралиеванын айтымында, окуучулардын айрымдары фарс тилинде окуп, жазганды билет. Ал эми кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуучулардын сабакты кабыл алуулары ар башка болгону менен программаны өздөштүрүүлөрү жакшы деңгээлде жүрүүдө. Кээ бир окуучулар аз убакыттын ичинде шар окууга жетишти. Эми кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Памирден 33 боордошубузду тарыхый мекенине алып келүү иш-чара өткөн айда ишке ашырылган. Алар Нарын облусунун Куланак айылына жайгаштырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!