Президент ата-бабаларды эскерүүгө катышат

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:16

Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 7-ноябрында ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерүүгө арналган иш-чараларга катышат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бул күнү президент Алмазбек Атамбаев ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерип, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жайгашкан бир катар эстеликтерге гүл коёт.

Эстеликтердин арасында 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондорду эскерүү мемориалы, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик-мемориалы, Чыңгыз Айтматовдун бейити жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциянын курмандыктарын эскерүү мемориалы бар.

Андан соң президент борбор калаадагы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коёт.

Президент Атамбаев ошондой эле Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Россиянын достук монументинин айланасында жаңыланган гүлбакчанын бет ачарына катышат.

Эскерүү иш-чарасына жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева катышат.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, 7-8-ноябрь күндөрү ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!