Үч эмдин энесине акчалай жардам берилди

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:34

1-ноябрда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн 3 эмдин үй-бүлөсүнө 20 миң сом акча каражаты тапшырылды. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Район башчысы Адел, Адил, Алинага бекем ден соолук жана кең келечек каалады.

Эскерте кетсек, ымыркайлар Чолпон-Атадагы оорукананын төрөт бөлүмүндө 4-октябрда төрөлүп, кийинчерээк Караколдогу төрөтканага которулган болчу. Айына жетпей төрөлгөн ымыркайлар (кыздардын бири 1,9 кг, экинчиси 1,965 кг, уулу 1,6 кг салмакта) 22 жаштагы эненин биринчи төрөтү.

Үч эмдин энеси Канышай 25 жаштагы жолдошу Искен Койгелдиев менен Чолпон-Ата шаарында турушат. Жубайлар мындан бир жыл мурда баш кошушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!