Өспүрүмдөрдүн “Карек” фестивалы өтөт

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:36

Бишкекте 14-15-ноябрь күндөрү балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Карек” фестивалы өтөт.

Бул тууралуу “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кино фондунун координатору Майсалбек Курбаналиев “ZAMAN.KG” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кино фестиваль быйыл экинчи ирет өтөт.

Жыл башында жаш режиссерлорго кино тартууга чакырык ташталган. Алар талапка ылайык, “Бул менин дүйнөм” темасынын алкагында тасмаларды тартуусу керек.

Учурда республиканын бардык аймактарынан 75 тасма келип түштү. Авторлордун жаш курагы 7 жаштан 17 жашка чейин. Фестивалды уюштуруунун максаты – жаш киночулардын кичинесинен чыгармачылыкка аралаштыруу, кино тармагын терең билүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!