Ош шаарында 51 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Аны өлтүрүүгө шектүү 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-ноябрь күнү саат 2.30дар чамасында 40-45тер чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган. Кийинчирээк кишинин өздүгү аныкталды.
“Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде каза болгон адам Чүй облусунда туулган 51 жаштагы жаран Акрамжан Токтыев экени жана анын туруктуу жашаган жери жок болгону аныкталды”, -деп айтылат маалыматта.
Ал эми кылмышка шектелип Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Ал бул кылмышка мас абалында барганын билдирген. Буга чейин дагы соттолгону айтылууда.