​Маданият кызматкерлерине арналган иш-чара өтөт

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:10

Бүгүн, 2-ноябрда саат 15:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында маданият күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага бир катар маданият ишмерлери, кызматкерлер, искусстова өкүлдөрү катышмакчы.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан тарта өкмөттүн токтомунун негизинде белгиленип келет.

1926-жылы бул күнү М.Токтобаевдин “Кайгылуу какей” драмасы кыргыз улуттук драмасынын тарыхында алгачкы жолу эл назарына тартууланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!