Айжан Акылбекова: Элечек кийген айымдар көбөйдү (фото)

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:22

Азыркы тапта айымдар арасында “Элечек жумалыгы” өтүүдө. Жумалыктын алкагында айымдар элечекти күнүмдүк кийим катары бир жума бою коомдук жайда же жумушта болобу кийип жүрүүсү зарыл. Аталган флешмоб тууралуу коомдук ишмер, “Оймок Арт” кийим студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекова ZAMAN.KG маалымат агенттигине айтып берди.

Айжан Акылбекова белгилегендей, “Оймок Арт” кийим студиясы ар кандай сферада иштеген 23 айымга элечек ороп беришкен. Алар өздөрүнүн гардеробуна ылайыктуу кийим тандап, күнүмдүк жашоосунда бир жума кийип жүрүүсү керек.

“Элечекти күнүмдүк жашоодо кийип жүрсө болот бекен деген суроого коомчулукта ар бири ар кандай пикирлерин билдирип жатышат. Улуттук баалуулуктарга тил жана улуттук кийим эсептелет эмеспи. Бул эки нерсени сактоо биздин милдет. Өзүбүздөн өзгөгө үлгү болчу маданиятыбыз бар. Ошонун баркын билели, анын ордун ээн калтырбайлы, анткени ал боштукту башка элдин маданияты толуктап кою коркунучу бар”,-деди Айжан Акылбекова.

Жумалыктын алкагында бир катар айымдар элечекчен түшкөн сүрөттөрүн “Фейсфукта” социалдык тармакка жарыялай башташты. Интернет колдонуучулары болсо жакшы билдирүүлөрдү калтырып жатышат.

КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова.

Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүп чыккан Назира Бегим.

Журналист Гүлзада Шаршеналиева жумуш учурунда.

Манасчы Ширин Сарыгулова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!