Эркектер ден соолугуна көп көңүл буруп калды

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:37

Бишкекте 23-октябрда башталган “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” кечээ, 1-ноябрда жыйынтыкталды. Бир аптага созулган жумалыкта ордо калаадагы Республикалык Урология борборуна 1500дөн ашуун эркек киши кайрылган. Бул тууралуу уролог, доцент Зуфар Хакимжоджаев ZAMAN.KG маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кайрылган эркектердин көпчүлүгү простатит, аденома, тукумсуздук менен жабыр тартып келет.

“Бир жуманын ичинде уролог жана андрологдор эркектердин салматтыгын акысыз текшерүүдөн өткөрүп чыгышты. Жыйынтыгында 1500дөн ашуун эркектер кайрылды. Алардын тең жарымын улуу муундагы кишилер түзсө, калгандары эмгекке жарактуу жаштар. Аймактардан дагы келип кайрылгандар көп болду. Көбүнчө эркектер простатит, аденома, тукумсуздук, жыныстык оорулар менен көп жабыр тартып келгени аныкталды",-деди ал.

Хакимжоджаев белгилегендей, соңку жылдары эркектер өз ден соолугуна карап, ооруну алдын алууга көп көңүл буруп калышты.

"Өткөн жылдары жаш үй-бүлөлөрдө аялы төрөбөй калса дарыгерлерге көрүнүшпөй эле тукумсуз дешип эркектердин дээрлик 90% ы күнөөнү аялга шылтап ажырашкан учурлар көп болгон. Азыр болсо эркектер ден соолугун алдын алып, урологдорго көрүнүү маданияты өстү. Албетте мындай көрүнүш “Эркектердин жумалыгы” аттуу иш-чарасынын көп жылдан бери өткөрүлүп жатканынан кабар берет”,-деди Хакимходжаев.

Эскерте кетсек, буга чейинки жылдары өткөрүлгөн “Эркектердин саламаттыгы жумалыгы” акциясында 40 жаштан жогору 60 пайыз эркектер кандайдыр бир даражада импотенциядан жабыркай тургандыгын көрсөткөн. Ошондой эле акыркы мезгилде эркектердин тукумсуздугу кыйла өскөн. Анда 55 жаштан жогору 70 пайыз эркектер түнкү заара кылуудан жабыркашарын, бул көйгөй адамдын эрте өлүмүнүн негизги себептеринин бири экенине карабастан, алардын 8 пайызы гана дарыгерлерге кайрылышары маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!