Арстандын баласы зоопаркка өткөрүлдү

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:06

Бир канча күндөн бери социалдык тармакта кызуу талкууга алынган арстандын баласы, Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын инспекторлору жана укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Натыйжада кызыл китепке кирген жаныбардын баласын Ысык-Көл облусунун Д.А аттуу жараны багып жүргөнү маалым болуп, жеринен протокол түзүлдү. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Учурда иснпекциянын экологдору кызыл китепке кирген жаныбардын баласына Акжолтой деген ысымды ыйгарышып, «Бугу эне» Коомдук Фондуна өткөрүп беришти",-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган жаныбар СИТЕСке кирген жапайы жаныбары болуп саналат. Мындай жырткыч жаныбары буга чейин Кара-Кол шаарындагы жапайы жаныбарларды багуучу жайында багылып келген.

Адистердин айтымында бул жырткыч жаныбары улам чоңойгон сайын кооптуу болуп, адам өмүрүнө кол салып дагы жибериши толук мүмкүн. Андыктан бул жаныбарды өткөрүп алган тарап дыкаттык менен көзөмөлдөп турушаарын баса белгилешти. Ал эми жаныбарды мыйзамсыз багып жүргөн жаранга карата учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!