​Жалал-Абад шаарында жаштар жумалыгы өтөт

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:44

Жалал-Абад шаарында жаштардын жумалыгы өтөт. Шаар мэриясында бул жөнүндө атайын буйрук чыгып, 10-ноябрда белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын жаштар күнүнө жана 17-ноябрда белгиленүүчү Эл аралык студенттер күнүнө карата 10-17-ноябрь күндөрү шаарда ЖашNFH жумалыгы өтө турган болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул иш-чара шаарда жаштар уюмдары жана жаштар кыймылдарын интеграциялоо, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, жаштар саясатын андан ары өнүктүрүү максатын көздөйт. Буйрук аркылуу жаштар жумалыгын уюштуруп өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлүп, ага шаар жетекчилери, шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайларынын, аймактык башкаруулардын жетекчилери киришти.

Ошондой эле жумалыктын жүрүшүндө аткарылуучу иш-чаралар планы бекитилип, анда “Эркиндик” аянтында атайын салтанаттуу иш-чараларды, маданий-спорттук чараларды уюштуруу, тематикалык флешмобдорду өткөрүү жана башкалар каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!