Балык уулаган браконьерлер кармалды

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:05

Ысык-Көлдөн инспекторлор тарабынан массалык түрдө балык уулап жаткан браконьерлер кармалды. Тагыраак айтканда суук түшө баштагандан улам, аңуулап жана көлдөрдөгү балыктарга браконьерлик кылгандардын саны көбөйө баштаган. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын директору Муратбеков, Экология багытындагы инспекторлорду Кыргызстандын булуң бурчуна барып, атайын рейддерди байма бай жүргүзүү тууралуу тапшырма берген.

"Рейд жүргүзүү үчүн, экологдор атайын сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жана тоолуу аймактарга чыгуу үчүн аттарды даярлашкан. Жаныбарларды коргоп, мыйзамсыз аң уулагандарга жол бербөө максатында, учурда инспекторлор жергиликтүү бийликтерди да кызматташууга чакырды",-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мыйзамсыз мергенчиликке чыккандар кызыл китепке кирген жаныбарларга чейин кол салып аесуз атып келишет. Андыктан, Мамэкотехинспекция жаныбарларды коргоо багытындагы рейддер тынымсыз жүргүзүлүп тураарын белгилешет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!