​Баткендеги Тигин-Ава тоосунан өрт чыкты

3-Ноя. 2017, Жума, 09:52

Баткен районунун Дара айыл аймагында 2017-жылдын 2-ноябрында саат 17:00 чамасында Кайыңды айылына караштуу Тигин-Ава тоосунун боорунда куураган чөп күйүп баштаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин Баткен шаардык 3-Өзүнчө издеп куткаруу отрядынан 25 куткаруучу, КР ӨКМнин Баткен райондук №26 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 12 куткаруучу, жалпы 37 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.

Жергиликтүү тургундар тарабынан Тигин-Ава тоосунда күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу иштер саат 22:00дө убактылуу токтотулган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 3 га куураган чөп, бадал өсүмдүктөрү күйгөн.

Ал эми КР ӨКМнен тартылган 37 куткаруучу саат 23:30да Кайыңды айылына жетишип, түн киргендигине байланыштуу Кайыңды айылынын маданият үйүндө түнөп калышты.

2017-жылдын 3-ноябры күнү саат 07:00дө КР ӨКМнен тартылган 37 куткаруучу жеринде өрт өчүрүү иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишти.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!