Парламент: 8-ноябрь – жумуш күнү болот

3-Ноя. 2017, Жума, 09:57

8-ноябрь – жумуш күнү болот. Бул тууралуу Жогорку Куңештин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө кабарланды.

Маалыматка ылайык, күн мурун Жогорку Кеңеш президент Алмазбек Атамбаевдин 7-8-ноябрь күндөрүн жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө тууралуу сунушун колдоп, токтом кабыл алган.

Буга байланыштуу 8-ноябрды жыл наамада кызыл дата катары жарыялоо үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилиши керек. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кечээ, 1-ноябрда биринчи окууда кабыл алды.

Андыктан, расмий документ үч окууда кабыл алынгандан кийин гана 8-ноябрь жумуш эмес күнү катары жарыяланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!