Алайда жер титиреди

3-Ноя. 2017, Жума, 11:02

Бүгүн, 3-ноябрда саат 07:29 чамасында Ош облусунун Алай районунда жер титиреди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту берген маалыматка таянып билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда жайгашып, Бор -Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты, Кара-Киндик айылынан 23 чакырым түштүктү, Сары-Таш айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 3 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!