Султан Жумагулов маданият министри болду

3-Ноя. 2017, Жума, 13:00

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Султан Жумагуловду маданият жана маалымат министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Султан Жумагуловдун аталган министрликке талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары 1-ноябрда жактырган.

Мурдагы министр Түгөлбай Казаков өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Султан Жумагулов кесиби боюнча журналист. Кыргызстандагы белгилүү медиа-эксперт. Буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген. Би-Би-Си, Азаттык, КТРК сыяктуу жергиликтүү жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!