Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголду

4-Ноя. 2017, Ишемби, 12:36

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга карата кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Бабанов кылмыш кодексинин конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу, улут, расалык аралык диний жана расалык кастыкты козутуу боюнча айыпталып жатат.

Билдирүүгө ылайык, Өмүрбек Бабанов президенттикке ат салышып жаткан талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүү учурунда Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун тургундары менен жолугушууда өзбек улутундагы жарандардын укугу тебеленип жатканын, аларга карата мамлекеттик органдар тарабынан басмырлоо бар экенин жүйө келтирип, улуттук теңсиздик болууда деп баалаганы аныкталып, мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат сүйлөнгөн сөздөр монтаж болгон эмес деген бүтүм чыгарган.

Кылмыш иши УКМКга өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!