Мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча акцияга чыгышат

6-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:58

Кыргызстандагы жарандык активисттер мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча 8-ноябрь күнү Ак үй алдына акцияга чыгышат.

Уюштуруучлардын айтымында, алар президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кенештин депутаттарына кайрылып, мөңгүлөр боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдобоого жана кол койбоого чакырышат.

Ушундай эле мазмундагы акция фейсбук социалдык тармагында да жүрүудө. Колдонуучулар “Мен мөңгүлөрдүн сакталышы үчүн!” деген ураанды өз профилдерине коюушууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитет “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууга жөнөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!