Кыргыз-казак чек арасындагы абал жеңилдеди

6-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:32

Бүгүн, 6-ноябрь саат 11:30га карата кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек-ара постунда 30 оор жүк ташуучу унаа кезекте турса, Панфилов районунун Чалдыбар чек-ара постунда унаалар жок. Аламүдүн районунун Ак-Жол чек-ара постунда 1 кичи автобус жана 5 жеңил унаа болсо, Талас облусунун Манас районунун Чоң-Капка чек-ара постунда 76 оор жүк ташуучу жана 3 жеңил унаалар турат.

Жеринде тамак-аш берүү, жылынуучу жай жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү максатында ӨКМ тарабынан жалпы 17 чатыр тигилген. Мындан сырткары куткаруучулар саат 10:30да 130 адамга жетээрлик тамак-аш алып Чүйдөн чыгып кетишти”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы оор кырдаалга бир айга чукулдап калды. 10-октябрдан тарта Казакстан чек арадан өтүүдө текшерүүнү күчөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!