Президент жыйынтыктоочу пресс-конференция берет

6-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:51

Президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жыйынтыктоочу пресс-конференция өткөрөт.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда иш-чара даярдык көрүлүүдө. Кайсы жерде өтөрү азырынча тактала элек.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ал 2011-жылы 1-декабрда президенттик кызматына расмий киришкен.

Өлкөнүн жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!