Репрессиянын курмандыктары эскерилет

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:01

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргызстанда сталиндик репрессия курмандыктары эскерилет.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрь күндөрүн ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнүн жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Мындан 80 жыл мурун, тагыраак айтканда 1937-38-жылдары ноябрь айынын ушул күндөрүндө кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнө “эл душманы” деген жазыксыз айып тагылып, атылып кеткен.

Бул тарыхый сыр жарым кылымдан ашык убакыттан кийин, өлкө эгемендик алаар жылы ачыкка чыккан. 1991-жылы 30-августта репрессияда атууга кеткен 137 кишининин сөөгү кайрадан жерге берилген.

Бул датага байланыштуу ушул тапта Бишкекте эл аралык илимий конференция өтүүдө. Жыйындын катышуучулары “Ата Бейит” мемориалдык комплексине зыярат кылышат.

Ошондой эле жарандык активисттер да “Ата Бейитке” барып, маркумдарга куран окушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!