“Кардарларды тейлөө борбору” ишке кирди

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:18

Жалал-Абад шаарынын тургундары пайдаланылган электр кубаты үчүн акыны төлөө жагынан мурдагыдай кезерип кезек күтүшпөйт жана ар кайсыл жактарга чуркашпайт. Аларды Электр кубатын сатуу ишканасында ачылган “Кардарларды тейлөө борбору” бир гана жерде кабыл алып, кардарларды бардык жакшы шарттары менен тейлешет. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаарда “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомуна караштуу электр кубатын сатуу ишканасында ачылган “Кардарларды тейлөө борбору” ишке кирип, өзгөчө күз-кыш мезгилдеринде төлөмдөрдү кабыл алуучу жайда кезек күткөндөрдүн санын азайтуу, аларды ыкчам жана маданияттуу тейлөө жагы бутага алынган.

“Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директорунун орун басары Рысбай Алдосовдун айтымында, кардарларды атайын бөлүнгөн бир нече гана кызматкер бир жерде отуруп тейлешет.

-Бир бөлмө ичинде 3 оператор, 2 кассир жана 1 админстратор кардарларды кезексиз тейлешет. Кеңеш берүүчү адистер чече албаган маселелерди ошол эле бөлмөдө администратор чечүүгө жардамга келет жана бул борбордун жардамы менен абоненттер өздөрүнө зарыл болгон бардык маалыматтарды ала алышат, - дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!