Үч күндө унаа кырсыгынан 22 адам каза тапты

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:14

Акыркы учурда Кыргызстандын аймагында унаа кырсыгы көп катталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, үч күндүн ичинде унаа кырсыгынан 22 адам каза тапты. Арасында жаш балдар дагы бар.

Алсак, 5-ноябрь күнү Бишкектин Айтматов көчөсүндө 2 унаа кагышып, анын кесепетинен 5 киши каза болгон. 6-ноябрь күнү саат 20:22 чамасында Бишкек Манас аэропорту унаа жолунда "БМВ" үлгүсүндөгү мамлекеттик №S52-94АК жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 5 адам каза тапкан. Ушул эле күнү Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан 10 киши каза көз жумган. Анын дээрлик көпчүлүгү 23 жаштын тегеригиндеги жаштар болушкан.

Ал эми 7-ноябрь күнү кечинде Чоң Чүй каналына (БЧК) Peugeot үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя ГЭС-5 менен Жер-Казар айылдарынын ортосунда болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барганга чейин унаанын ичиндеги айдоочунун аялы, бир уулу жана бир кызы унаадан чыгып кетишкен. Бирок, айдоочу менен 2011-жылы туулган уулу окуя болгон жерде каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!