Кытайдын депутаттары Кыргызстанга келет

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:32

Үстүбүздөгү жылдын 12-15-ноябрында Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин делегациясынын келиши мерчемделүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Делегацияны Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын аталган комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао жетектеп келет.

Кытай парламентинин тармактык комитетинин делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө Кытай парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

Делегация курамында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин мүчөлөрү Го Цзюньбо жана Ли Дэнхай, аталган комитеттин Аппаратынын изилдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Цзя Цзин, аталган комитеттин Аппаратынын кызматкери Жэнь Цянь бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!