Балык кармагандар баш бербей жатат

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:59

Жыл өткөн сайын браконьерлердин саны көбөйүүдө. Буга карата Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айрым учурларда балык кармаган жарандар инспекторлорго баш ийбей, кол көтөрүүгө чейин барууда.

Адистердин айтымында, жылдан-жылга балыктардын саны тийиштүү денгээлге чейин көбөйбөй жатат. Массалык балык уулоо менен торлорга ар кандай балык түшөт. Анын ичинде кескин азайып жактан балыктардын түрлөрү бар. Мисалга алсак, чейрек кылым ичинде майда чебак саналган балыктардын саны кескин азайып кеткен. Аларды багып өстүрүп көлдөргө, сууларга кое берилгени менен браконьерлердин айынан чоңоюп жетилбей жокко учурап жатат.

"Инспекторлордун айтымында, 5 жыл аралыкка чейин балыктарга браконьерлер кол салбай, алардын көбөйүшүнө жолтоо болбосо 5 жыл ичинде алар кайрадан көбөйүүсү толук мүмкүн. Маселен, бир балык канча бир миллион икра чачса, торлордун айынан ал икрасын чачпай эле жок болууда. Натыйжада балыктардын көбөйүүсү кескин азайып барат. Буга карата Мамэкотехинспекциянын инспекторлорлору, укук коргоо органдары менен биргеликте иштешүүдө. Ал эми көп сандаган балыктарды жок кылгандарга административдик чарадан сырткары, кылмыш ишин дагы козголоорун Мамэкотехинспекция эскертет",-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын тоолорунда жүргөн жаныбарлардын, сууларындагы балыктардын азайып кетпешине жол бербөө максатында Мамэкотехинспекция жалпы кыргызстандыктарды жаныбарларга кол салбай, табиятка аяр мамиле кылууга чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!