Памирлик кыргыздарга мастер-класс өткөрүлдү (фото)

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:28

Нарын шаардык мэриясы Нарын районунун Куланак айылындагы памирлик кыргыздардан кабар алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботокановдор баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелери, жеке ишкерлер менен биргеликте күнүмдүк тамак-ашта колдонулуучу азык-түлүктөрдү алып барышып, дасторкон жайышты.


Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жана Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин кызматкерлери чакан программадагы концерт тартуулашты.
Ал эми шаардагы балдар бакчаларынын мугалимдери бисер түйүү жана ар түрдүү кагаздардан буюм-тайымдарды жасоо боюнча мастер-класс көрсөтүштү.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!