Памирликтердин ар бирине 50 миң сом берилди

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:43

Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылган памирлик кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда ал памирлик кыргыздардын жашоосуна, билим алуусуна, тамактануусуна түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ошондой эле Абулгазиев президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын ар бирине 50 миң сомдон акча каражатын тапшырды.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!