​Жийде Зоотбекова маалымат катчылыкка дайындалды

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:21

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы болуп белгилүү теле алып баруучу Жийде Зоотбекова дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми Жийде Зоотбекова менен байланышканыбызда буларга токтолду.

“Бүгүн, 9-ноябрда маалымат катчы катары алгачкы иш күнүмдү баштадым. Бул кызматка сунуш түшкөндүктөн иштөөгө макулдугумду бердим. Буга чейин “Пирамида”, “СТВ” телеканалында теле алып баруучу болуп эмгектенип жүргөм”,-деди Зоотбекова.

Буга чейин аталган кызматты Марлен Соляной аркалап келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!