​Бишкекте жер үстүндөгү өтмөк ачылды (фото)

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:31

Бишкек шаарынын Аламүдүн базарынын жанынан жаңы жер үстүндөгү өтмөк ишке бирилип, бүгүн 9-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Курманжан Датка менен Жибек Жолу көчөсүндө орун алган өтмөктүн ачылышына шаар мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бактыбек Дюшембиев, Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков жана шаар тургундары катышты.

Мэрдин айтымында, өтмөктүн жалпы узундугу 33 метр, туурасы үч метр. Курулуш июль айында башталган. Андан сырткары, 15 кишини көтөрө алчу лифт коюлган. Андыктан майып адамдар дагы тоскоолдуксуз өтө алат. Ушундай эле өтмөктөр "Мадина" базарынын аймагында да ачылат.

Белгилей кетсек, аталган өтмөктү куруу зарылчылыгы базардын айланасында катталган унаа кырсыгынын көптүгү себеп болгон. Өткөн жылы эле Бишкек шаары боюнча 1131 унаа кырсыгы катталып, андан 29 каза тапкан. 8 адам Курманан Датка көчөсүндө набыт болгон. Мындан улам мэрия Кытай грантынын эсебинен өтмөктөрдү курууну колго алган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!