Түркия: 12 жарандын сөөгү келген

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:39

Жыл башынан бери Түркиядан 12 кыргызстандык жарандын сөөгү алынып келинди.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдиргендей, Анкарадагы элчилик аркылуу үч сөөк, Стамбулдагы башкы консулдук аркылуу тогуз сөөк алынып келинген.

“Бул 12 адам ар кандай тагдыр менен бул дүйнө менен кош айтышкан. Кээ бири ооруп, кээ бири кырсык, иши кылып ар түрдүү өлүм. Бул маалыматта 12 адам өлтүрүлдү деп түшүнбөө керек”,-деди Кулукеева.

Эскерте кетсек, күн мурун Түркиянын Деңизли шаарында 50 күн ооруканада эсине келбей жатып, каза болгон Ширин Бейшембекованын сөөгү Бишкекке алынып келинген. Кыздын өлүмүнө бөйрөк оорусу өтүшүп кеткендиги себеп болгон.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 19 миңге жакын кыргызстандык жаран бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!