Исаков сегизинчи кеңешчисин дайындады

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:14

Мурад Омоев премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мурад Омоев 1999-жылы АКШнын Айова штатындагы Graceland College экономика жана ишкер башкаруу багытында бакалавр даражасын алган.

2001-2002-жылдары Кыргызстандын ЖОЖдорунда финансы-экономикалык предметтерди окутуу сапатын жогорулатууга багытталган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги долбоорунун ар-кыл кызматтарында иштеген.

2003-2004-жылдары Кыргызстандагы долбоор кеңсесинин директору катарында эки магистердик программаны уюштурган, анда ЖОЖдордун 120дан ашуун окутуучусу билимин жогорулаткан.

2004-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинин магистратурасында окуусун уланткан.

Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесиндеги алты айлык стажировкадан соң Вашингтон шаарындагы Эл Аралык Валюталык фондунун Иликтөөлөр департаментинде кичи илимий кызматкер катары ишин баштаган.

2012-жылдан тарта ЭВФ Европа Департаментинде экономист болуп иштеген.

ЭВФ иштеген учурунда фискалдык жана монетардык саясат, өнүгүп келе жаткан рыноктордун тышкы факторлордон көз карандылыгын жана бир катар Чыгыш Европа мамлекеттеринин эмгек рынокторундагы түзүмдүк көйгөйлөрүн талдоо үчүн жоопкер болгон.

Экономикалык өнүгүүгө фискалдык саясаттын таасири жаатындагы новатордук иликтөөсү үчүн ЭВФ командалык сыйлыгынын лауреаты болуп саналат.

Буга чейин да Сапар Исаков батыштагы алдыңкы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн кеңешчи кылып дайындаган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!