Жалал-Абад шаардык кеңеши ишин баштады

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:23

Сегизинчи чакырылыштагы депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин 1-уюштуруу сессиясы ишин баштады жана шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басарлары шайланды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Сессияга шаардык кеңештеги 31 депутаттын 29у катышты жана алар бир добуштан “Ата-Журт” фракциясынан депутат Мураталы Тагаевди шаардык кеңештин төрагалыгына шайлашты. Шаардык кеңештин төрагалыгына М. Тагаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата-Журт” “Мекеним Кыргызстан, “Республика” фракцияларынан турган “Ийгилик” көпчүлүк коалициясынан сунушталды. Сессия учурунда андан башка сунуштар болгон жок. Эскерте кетсек, төрага М. Тагаев мурдагы алтынчы чакырылышта шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеген.

Ошондой эле “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан Муктарбек Тургунбаев, азчылыкта калган “Кыргызстан” фракциясынан Нурбек Аканов төраганын орун басары болуп шайланышты. Сессия учурунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Бахадыр Исмаиловду төрага орун басарлыгына шайлоо сунушу түшүп, бирок анын талапкерлиги көпчүлүк добушка ээ болбоду. Депутаттар ошондой шаардык кеңештин туруктуу комиссияларын түзүштү жана курамдарын бекитишти.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында шайланган 7-чакырылыштагы шаардык кеңеш өз ара саясий интригалардан кийин таркап кетип, кайрадан май айында 8-чакырылыштагы шаардык кеңеш шайланып келип, ушул кезге чейин чогуу жыйын өткөрө алышкан эмес. Анын кесепетинен быйылкы шаар бюджети да бекитилбей кала берген. Депутаттар жакын арада кайрадан сессияга чогулуп, Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга карата бюджетин бекитүү боюнча маселе карашмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!