Москвада болгон өрттө жабыркагандар жок

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:45

Москвадагы темир жол кампасында чыккан өрттөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул туурасында бүгүн, 9-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-ноябрдын түнүндө "Москва-Бутырская Товарная" деп аталган Москвадагы темир жолдун тиричилик жайында тактап айтканда кампасында чыккан өрттө алты адам каза болгону такталган.

Москва аймактар аралык тергөө комитетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө каза болгон беш жарандын инсандыгы такталды. Булардын арасында КРнын жарандары жок. Ал эми алтынчы жарандын сөөгү боюнча экспертизалык иликтөөлөр аягына чыга элек, учурда иликтөө уланууда. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө болуп жатат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!