Эки кыргызстандык АКШнын чек арасынан кармалды

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:06

Тышкы иштер министрлиги жарандык активист Ренат Самудинов менен жубайы Элнура Молдокадырованын АКШнын чек арасында кармалганы тууралуу маалымат такталганын билдирди.

ТИМдин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, ушул тапта кыргызстандык эки жаран АКШнын атайын кармоочу жайында кармалып турат.

19-октябрда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине Кошмо штаттардын чек ара кызматынан жубайлардын уруксат берүүчү документтери жок чек арадан өтүү аракетин көрүп жатканда кармалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ал ортодо эки кыргызстандык жаран АКШ бийлигинен саясий баш паанек берүүнү суранышкан. Бул өтүнүчтү АКШнын миграциялык соту карамакчы.

Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатын жетектеп келген. Ушул жылдын август айында көз караштар дал келбегендиги себеп болуп, партиядан чыгарылган. Ага удаа Самудиновдун жубайы Элнура Молдокадырова да Коомдук биринчи каналдан кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!