Москвада Чыңгыз Айтматовду эскеришти

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:41

Москва шаарында Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чараларды өткөрүүлөрдүн цикли башталды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 8-ноябрда Москвадагы улуттар үйүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрү Ч.Айтматовдун мааракесине арналган адабий-поэтикалык кечеге катышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары Россия мигранттар Федерациясы, Москвадагы кыргыз ишкерлеринин Эл аралык ишкерлер ассоциасы, кыргыз диаспорасы жана кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы болду.

Ч.Айтматовдун туулган күнүн утурлай улуу жазуучу жөнүндө бийик адам катары, мыкты сценарист катары да эскеришти.

Иш-чарада чыгып сүйлөгөндөр Айматовдун дүйнөлүк адабияттын мыкты классиги катары дүйнөлүк жана кыргыз адабиятына жалпы, маданиятка кошкон баа жеткис салымын белгилешти. Чыгармалары аркылуу бир нече муундар тарбия алган Ч.Айматовдун ысымы дүйнөлүк адабияттын классиктеринин катарында турат.

Сахнада кыргыз обондорунан КРнын Эмгек сиңирген артисти Ж.Осмоналиеванын аткаруусунда «Келген жок», Москва шаарында жашап, иштеп жатышкан чыгармачыл мекендештерибиздин аткаруусунда «Ильястын ыры», «Махабат дастаны», «Эсимде», «Атам менен энеме» ырлары жаңырды.

Көрүүчүлөргө жазуучунун “Саманчынын жолу” повестинен алынган Толгонайдын монологу россиялык кинотасмаларда роль жаратып келе жаткан Ж.Асанбекованын аткаруусунда тартууланды. Ошондой эле “Ак кеме” повестинен алынган “Бугу эне” монологун М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин студенттери кыргыз тилинде окуп беришти. Башкыр диаспорасынын “Ильгам” аталган театры тарабынан “Ак кеме” чыгармасы боюнча театрлаштырылган оюн коюлду.

Кеченин аягында элчилик тарабынан иш-чаранын уюштуруучуларына Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча россиялык сүрөтчүлөр тарабынан даярдалган гравюра альбомдору эстелик белек катары тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!