Казылар жылдык отчетторун беришти

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:11

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев облус жана шаар казыларынын 1 жылда аткарган иштери жана өлкөдөгү диний кырдаал боюнча маалымат отчетун алып, алардын ишмердүүлүктөрүнө баасын берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Отчеттук жыйынга Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын бөлүм башчылары жана Азирети Муфтийдин орун басарлары катышып, аймактагы жүргүзүлгөн иштер, берилген тапшырмалардын аткарылышы жана облус казыларына сунуш-пикирлерин айтышты.

Ал эми Азирети Муфтий өлкөнүн стабилдүүлүгү бардыгынан маанилүү экендигин баса белгилеп, терс диний агымдардын алдын алууда коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын жана республика аймагындагы мечиттердеги бирдиктүү жума хутбаларын тартипке келтирүү боюнча тапшырмасын берип, ажылыкты жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн облус казыларына ыраазычылыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!